Ссылки доступа

Тараздагы атышуу учурунда эки адам оор жарадар болду


Тараз тартип сакчылары курчоого алган алтынчы кичирайондогу үйдүн жашоочулары батирлерине кайтып келишти.

Жергиликтүү ММКлар кабарлагандай, “Борышкер” аттуу ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Тараз шаарынын кичирайондорунун биринде кылмышкер тартип сакчыларына карата ок чыгарган. Эки адамга, анын ичинде тилкелик полиция кызматкерине ок жаңылган.

Жабыр тарткандардын бирине операция жасалып, ал жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тартип сакчысынын абалы да өтө оор.

Облустук полиция билдиргендей, шектелген адам «мурда криминалга аралашып жүргөн”, бирок экстремисттик ишмердүүлүк жүргүзгөн эмес.

XS
SM
MD
LG