Ссылки доступа

Москва лагерде каза тапкан балдарга аза күтүүдө


Карелиядагы Сямозеро көлүндөгү катуу шамаалдан улам 15 өспүрүм каза тапты. Бул туурасында Орусиянын балдар омбудсмени  Павел Астахов кабарлады.

Балдар түшкөн кайык аңтарылып, чөгүп кеткен. Орусия ӨКМ билдиргендей, трагедия Пряжин районунда катталган. Курмандыктардын арасында чоң кишилер болгон эмес.

Көлгө 49 адамдан турган топ барган. Алардын көбү 12ден 15 жашка чейинки балдар болгон. Эс алуучулар эки кайыкка жана бир рафтка түшүшкөн.

Алдын-ала маалыматтар боюнча каза тапкан өспүрүмдөр москвалыктар экендиги айтылууда. Москва мэри Сергей Собянин Карелияга ӨКМ өкүлдөрү жана дарыгерлер жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Интерфакс билдиргендей, тергөө органдары трагедияга тиешеси бар деп төрт адамды кармады. Анын ичинде балдарды коштоп жүргөн эки инструктор да бар.

Жергиликтүү бийлик буга чейин эле лагердеги жашоо-шарттын начар экендигин айтып келген.

XS
SM
MD
LG