Ссылки доступа

Мюнхендеги аукциондо Гитлердин жеке буюмдары сатылды


Ишембиде Мюнхенде адаттан тыш аукцион өттү. Улутчул Германиянын жетекчилерине тиешелүү буюм-тайымдар сатылды.

Жергиликтүү гезиттердин бири билдиргендей, аукционго америкалык дарыгер жана тарыхый буюмдарды топтоочу Жон К. Латтимердин (1914–2007) коллекциясындагы айрым буюмдар сатыкка коюлган. Анын ичинде Адольф Гитлердин бир нече шымы, Ева Браунга тиешелүү буюмдар, Герман Геринг уу салып сактап жүргөн металл капсула, СС жетекчилеринин бири Эрнст Кальтенбруннер асылган жип да бар.

Аукциондун жыйынтыктары азырынча ачыктала элек. Бирок уюштуруучулар кеминде 170 миң евро пайда табууга белсенүүдө. Маселен, Геринг колдонгон уу кутучасы сатыкка 25 миң евро баа менен коюлган. Бул арада улутчул жетекчилердин буюмдарын сатуу этикага сыябы, алар неоулутчулдар сыйынган нерсеге айланбайбы деген суроолордун тегерегинде кызуу талаш-тартыш жүрүүдө.

Коллекционер Джон Латтимер белгилүү америкалык дарыгер болгон. Маалында сотторго, юристтерге жана түрмөдөгү нацисттик кылмышкерлерге кызмат көрсөткөн. Кийинчерээк Голливуддун бир нече жылдызынын жеке дарыгери аталган. Ал аркыл доордогу куралдарды топтогон коллекционер катары дагы белгилүү.

XS
SM
MD
LG