Ссылки доступа

Карелиядагы трагедияга байланыштуу бешинчи шектүү адам кармалды


Карелияда каза тапкан балдардын сөөгү жүктөлгөн учак дүйшөмбүдө Москвага келип конду. Бул туурасында Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Буга чейин Москванын Эмгек жана социалдык камсыздоо департаменти кайтыш болгон балдардын тизмесин жарыялаган. Анда 12-13 жаштагы 14 өспүрүмдүн ысымы жазылган. Алардын он чактысы Москвадагы начар турмушта жашаган үй-бүлө балдары болсо, айрымдары жетим эле. Карелия менен Москвада 20-июнь аза күтүү күнү катары жарыяланды.

18-июнда “Парк-Отель Сямозеро” лагеринде эс алып жаткан 47 өспүрүм жана төрт чоң адам түшкөн үч кайык катуу шамалга туш болуп, оодарылып кеткен. Трагедия туурасында аман калган кыздардын бири эртеси күнү кабарлаган.

Орусиянын тергөө комитети иликтөө иштерин баштады. Күнөөлүүлөр 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Дүйшөмбүгө караган түнү трагедияга байланышы бар деп шектелген бешинчи адам кармалгандыгын тергөө комитетинин расмий өкүлү Владимир Маркин кабарлады. Буга чейин шектүү катары төрт адам тергөө абагына жеткирилген. Алар: "Парк-отель Сямозеро" фирмасынын директору Елена Решетова, орун басар Вадим Виноградов, ошондой эле инструкторлор - Регина Иванова менен Людмила Васильева.

XS
SM
MD
LG