Басылманын маалыматына караганда, спротчуларды оюндан четтетүүдөн мурда Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах абалды Орусия президенти Владимир Путин менен талкуулайт. Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүүлөр туурасында кабары жок экендигин билдирди.
Жума күнү Жеңил атлетика федерацияларынын эл аралык ассоциациясы кызытма колдонгон жөө күлүктөрдү Олимпиададан четтетүүнү талап кылып, санкцияларын узарткан. Мындай билдирүүдөн кийин Орусиянын спорт министри Виталий Мутко ассоциацияны таратуу керектигин жарыялаган.
2015-жылдын ноябрында Эл аралык антидопинг агенттиги Москвадагы кызытмага каршы лабороториянын көз боемочулуктары туурасында баяндама жарыялаган. Агенттик тыюу салынган препаратты колдонууга мамлекет дагы колдоо көрсөтүп жаткандыгын билдирген.