Ссылки доступа

Өлкөдө добуш сатып алгандарга каршы күрөш күчөтүлөт


Добуш сатып алгандарга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоору күзүндө Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып добуш сатып алгандарга жаза катаалдай турганын айтты:

- Биз аймактык комиссиянын ичиндеги мыйзам бузууларды негизинен токтоттук. Азыр участок сыртындагы мыйзам бузуулар калды. Добуш сатып алуу чынында эле көп жерде болду, аны элдин баары көрдү. Биз кышка чейин Жогорку Кеңешке мыйзам киргизебиз. Анда эгер добуш сатып алуу болгонун далилдесек, ошол партияны же талапкерди тизмеден чыгарып коё алгыдай болобуз. Азыркы мыйзам менен мындай кылуу өтө кыйын.

Анткен менен мыйзам чыгаруучулардын өзүнө доомат айтылып келет. “Таза шайлоо” бирикмесинин жетекчиси Айнура Усупбаеванын баамында, шайлоого катышкан партиялар добуш топтоонун жеңил-желпи жолуна түшүп алды. Мындан улам таза шайлоо өткөрүү демилгелери кээде парламенттин өзүндө колдоо таппай калууда:

​- Эгерде ар бир партия өзүнүн электораты менен так шайлоонун алдында эмес, жок дегенде анын алдында эки-үч жылдай иштесе, өзүн көрсөтсө эл аларды акчасы жок эле шайламак да. Бирок бул көп убакытты алат, татаал, айрым учурда жыйынтык да чыкпай калышы мүмкүн. Ошондуктан булар эң кыска, буга чейин текшерилген, жеңил-желпи жолду тандап жатышат. Бул туура эмес. Мындай учурда партия өсүп-өнүкпөйт.

Кыргызстанда быйыл күздө дээрлик көпчүлүк региондордо жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Эмдиги жылы күзүндө жаңы президент шайланмакчы.

XS
SM
MD
LG