Ссылки доступа

“Талибандын” кол башчыларынын бири өлтүрүлдү


“Талибандын” жогорку даражалуу кол башчыларынын бири Кори Али Кундуздун Дашти Арчи районунда өлтүрүлдү. Андан тышкары дагы жети куралдуу талип жок кылынды. Бул тууралуу Ооганстандын ИИМи кабарлады.

Ооганстан бийлиги Кори Алинин тобун бир катар террордук актыларга тиешеси бар деп айыптап келет.

Май айынын аягында «Талибандын» жетекчилеринин бири болгон Кори Меърожиддин да өлтүрүлгөн болчу. Анын тобу коопсуздук күчтөрүнүн тозотуна чейин 299 метрлик өтмөк казып, чабуул койгон. Өкмөттүк аскерлерге ок чыгарган.

Акыркы айларда Кундуз провинциясында талиптерге каршы масштабдуу операция жүрүүдө. Апрелде коопсуздук күчтөрү Тажикстан менен чектеш Чахордара районун согушчандардан бошоткон.

Талиптер былтыркы жылдын күзүндө Кундуз провинциясынын административдик борборун бир нече күн ээлеп турушкан. Өкмөттүк аскерлер АКШ менен коалициялык күчтөрдүн көмөгү алдында Кундузду согушчандардан арылткан. Анткен менен Тажикстан менен чектеш дагы төрт райондо дале талиптердин бар экендиги маалым.

XS
SM
MD
LG