Ссылки доступа

Борбор Азиядагы качкындардын саны кыскарды


Борбор Азия качкындарынын саны акыркы 15 жылда жүз миңден үч миң адамга чейин кыскарды. Бул тууралуу ББУнун жогорку комиссарынын качкындар иши боюнча аймактык кеңешчиси Чизу Мацушита билдирди.

Качкындардын эл аралык күнүнө арналган басма сөз жыйынында кеңешчи мындай жагдайдын бир нече себептерин ачыктады.

- Көптөгөн адамдар өз мекенинде абал жакшырган соң кайтып келишти. Бозгундардын бир бөлүгү үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүлгөн. Качкындардын басымдуу бөлүгү аларды кабыл алган мамлекеттердин жарандыгын алышты. Маселен, жарандык согуш маалында Тажикстандан барган бозгундар Кыргызстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдүн атуулдугун алган, -дейт Чизу Мацушита.

БУУнун жогорку комиссарынын аймактык кеңешчисинин маалыматына карганда, Казакстанда 700, Кыргызстанда 400, Тажикстанда 2000 качкын бар.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын чечими менен 2001-жылдан бери 20-июнда Качкындардын бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленип келет.

XS
SM
MD
LG