Ссылки доступа

Орусия Тажикстанга козголоңчу генералдын эки шеригин өткөрүп берди


Интерпол өткөн жумада Орусиянын Казань шаарында Абдухалим Назарзоданын (Кожо Халим) айдоочусу Мирзо Мукаммилов менен анын иниси Каноат Мукаммиловду кармады. Орусия бийлиги  аларды Тажикстанга өткөрүп берди.

Алар Тажикстандын коргоо министринин мурдагы орун басарынын тобу менен кызматташып, анын жеке тапанчаларын катышкан деп айыпталууда. Булардан тышкары онго чукул адам кармалды. Алар өлкөдөн качып кеткенге чейин аталган бир туугандар менен байланышы болгон деп күнөөлөнүп жатат.

Былтыркы жылдын октябрында бир туугандар Садриддин, Нажмиддин жана Муборак Мукаммиловдор кармалып, дагы экөө - Мирзо менен Каноат издөөгө алынган.

Өз булак кабарлагандай, азыркы тапта үч бир тууган “мыйзамсыз курал-жарак сатып алуу” беренеси боюнча айыпталууда. Аларга Абдухалим Назарзода түзгөн топтун мүчөлөрү катары иш козголгон. Аталган генерал 4-сентябрда куралдуу көтөрүлүш уюштуруп, өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG