Бул туурасында «Право» («Укук») гезитине облустук прокуратуранын өзгөчө иштер боюнча улук тергөөчүсү кабарлаган.
Анын айтымында, аракка берилип кеткен күйөө бала аялын балдарынын көзүнчө уруп-сабоону адатка айландырган. Аны жазалоо үчүн кайнатасы 3 миллион сумга (480 АКШ доллары) эки киши өлтүргүч жалдаган. Алар аны адатынча мас болуп үйүнө келе жатканда балталап салышкан.
Бул кылмыштын бети тез эле ачылды. Күйөө баласын өлтүрткөн кайната 12 жылга, атасын өлтүрүүгө катышкан баласы 17 жылга, ал эми киши өлтүргүчтөр 17 жана 18 жылга кесилишти.