Ссылки доступа

Путин Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Кытайга барат


Орусия президенти Владимир Путин Кытай лидери Си Цзиньпиндин чакыруусу менен 25-июнда Кытайга барат. Бул туурасында Кремлдин басма сөз кызматы кабарлады.

Эки өлкө лидерлери орус-кытай өнөктөштүгүн арттыруу маселесин, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыкты талкуулашат.

Кремль кабарлагандай, жолугушуунун күн тартибине БУУ, БРИКС, "чоң жыйырмалык" алкагындагы суроолор киргизилген. Мындан тышкары 23-24-июнда Ташкентте өтө турган ШКУ саммитинде кабыл алынчу макулдашуулар талкуу бутасына алынат.

Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Рогозиндин айтымында, лидерлер транс чек аранын унаа инфраструктурасын, глобалдык спутник системаларын өнүктүрүү, Түндүк деңиз жолун биргелешип жакшыртуу жана "Белкомур" темир жолун чогуу куруу маселелерин талкуулашат.

XS
SM
MD
LG