Ссылки доступа

Казакстан спортчулар үчүн допинг тесттен өткөрүүчү лаборатория сатып алышы мүмкүн


Казакстандын премьер-министри Карим Масимов казакстандык спортчуларды Олимпиада алдында допинг тесттен өткөрүү үчүн  заманбап лабароторияларды ишке киргизүү зарылдыгын белгиледи. Мындай пикирин ал Астанада өткөн өкмөттүн жыйынында билдирди.

Карим Масимов Улуттук Олимпиада комитетине жана анын башчысы Тимур Кулибаевге (Казакстан президентинин ортоңку күйөө баласы) лабаротория сатып алуу өтүнүчү менен кайрылды.

«Биз мындай мүмкүнчүлүктөрдү карап көрүшүбүз керек. Балким, жеке демөөрчүлөр жакшы лабаратория алууга көмөктөшүп калар. Биздин спортчулар таймашуунун алдында атайын тесттен өтүшү керек. Биз муну менен күтүүсүз чырлардын алдын алып, спортчулардын мелдешке ишенимдүү кетишин камсыздайбыз, - деди Масимов.

Маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы казакстандык спортчулар Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимпиадага 102 лицензия алгандыгын кабарлады.

Дүйшөмбүдө Эл аралык оор атлетика федерациясы (IWF) 2008-жылдагы Бейжин Олимпиадасында кызытма колдонгон спортчулардын тизмесин жарыялады. Тизмеде Олимпиадада алтын медаль алган казакстандык оор атлетчи Илья Ильин да бар.

XS
SM
MD
LG