Ссылки доступа

АКШ сенаты курал-жарак сатууну чектөө сунушун четке какты


АКШ сенаты өлкөдө террорчулукка каршы күрөштү күчөтүү алкагында курал-жарак сатууну чектөө сунуштарын кабыл алган жок.

Бул боюнча Демократиялык партиянын өкүлдөрү эки сунуш, ал эми республикачылар эки чара сунушташкан. Анын ичинде курал-жарак сатып алуучуларды текшерүүнү күчөтүү зарылдыгы да айтылган. Бирок демилге талап кылынган 60 добушту топтой алган жок.

Республикачылар менен алардын “курал сатууга кызыкдар” тарапташтары мыйзам долбоорунда тыюу салуулардын көптүгүн сынга алышты. Алар курал алып жүрүүгө болгон укук тебеленип жатат деген жүйөнү карманышууда.

Ал эми демократтар республикачылардын сунуштарын “өтө эле алсыз чаралар” деп аташты.

XS
SM
MD
LG