Ссылки доступа

ММК жөнүндөгү чырлуу мыйзам долбоорун чакыртып алуу талабы коюлду


Бишкекте "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр боюнча талкуу болду. Анда бул демилге кескин сынга алынып, журналисттер, медиа уюмдардын жетекчилери, жарандык активисттер депутаттардан аталган мыйзам долбоорун артка кайтарып, чакыртып алууну талап кылышты.

Сунушталган өзгөртүүлөргө каршы резолюция кабыл алынды.

Жыйынга мыйзам долбоорунун демилгечилери, парламенттеги фракциялардын жетекчилери, комитеттердин өкүлдөрү да чакырылган. Бирок мыйзам долбоорунун демилгечилери, фракция жетекчилери отурумга келген эмес. Депутаттардан КСДП фракциясынан өкүлү Жанар Акаев гана катышып, өзгөртүүлөрдү колдобой турганын билдирди.

Эл өкүлдөрү Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, Жыргалбек Турускулов жана Табылды Тиллаев сунуштаган документке ылайык, жалпыга маалымдоо каражатын негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу. Чет жактан каржыланган маалымат каражаттарына сырттан келүүчү акчанын көлөмү 20 пайыздан ашпоосу керек деген эреже да жазылган. Бул cунуш сөз эркиндигин чектейт деген катуу сынга алынууда.

XS
SM
MD
LG