Ссылки доступа

ЕБ Орусияга каршы санкцияларды дагы узартты


Евробиримдик Орусияга каршы экономикалык санкцияларды 2017-жылдын январына чейин узартты. 21-июнда, Брюсселде биримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери ушундай чечим кабыл алышты.

Санкциялар Орусия Крымды аннексиялап, Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдогону үчүн 2014-жылдын июнь-июль айларында киргизилген.

Ошондон бери ар алты ай сайын узартылып келет. Биримдик Орусия Крымды кайтарып, жикчилдерди колдоону токтотмоюн санкциялар алынбасын айтууда. Словакия, Венгрия, Италия дагы бүтүмдү колдоду. Буга чейин аталган өлкөлөр санкцияларды токтотуу жөнүндөгү көз караштарын билдирип келген.

Дипломаттардын чечимин кийинки жумада Биримдиктеги өлкө лидерлери бекитиши керек.

XS
SM
MD
LG