Ссылки доступа

Борбордук Азиядагы кибер коопсуздук маселеси талкууланууда


Бишкекте өтүп жаткан форумда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү интернет саясаты, кибер коопсуздук, DNS индустриясынын өнүгүүсү жана бүткүл дүйнөлүк интернет желесине кошулуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү  маселелери каралууда.

Форумга Кыргызстан, Орусия, Европа жана коңшу өлкөлөрдөгү эл аралык уюмдардын маалыматтык-байланыш жаатындагы адистери катышууда.

Алар бүгүн аймактагы кибер коопсуздук, интернет аркылуу өнүгүү жана анын мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүшү сыяктуу маселелерге көңүл бурушат.

Аталган форум Унаа жана байланыш министрлиги, «Интернет саясатынын жарандык демилгелери» фонду тарабынан уюштурулуп, SecDev Foundation, ICANN жана Internet Society эл аралык уюмдары демөөрчүлүк кылууда.

XS
SM
MD
LG