Июндун башында АКШ менен Франция курчоодо калган Дарайя шаарын бомбалоого алды деп Сирия өкмөтүн күнөөлөгөн. Себеби калаа гуманитардык жардам жеткирилген маалда соккуга кабылган.
Дарайяга 2012-жылдан бери алгач ирет 9-июнда азык-түлүк, медициналык каражаттар жүктөлгөн унаалар келген. Эртеси эле сирия өкмөтү жардамды элге таратып берүүгө тоскоолдук жаратып, шаарды бомбалоого алган.
Де Мистура БУУнун Генералдык ассамблеясында Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөр тез арада жанданарына үмүт артты.
БУУнун өкүлүнүн айтымында, Сириядагы элдешүү жараянына Идлибе, Латакия жана Алепподогу кырдаал тоскоолдук жаратууда. Бирок согуштук аракеттер мурдагыга салыштырмалуу сейрек катталууда. Февралда жаатташкан тараптар АКШ менен Орусиянын ортомчулугу алдында ок атышууну токтотууга макулдашкан.