Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин эксперттери быйыл 20-апрелде Азимжан Аскаровду абактан бошотуп, аны айыптаган өкүмдү жокко чыгарууга, зарыл болсо жаңы соттук жараян жүргүзүүгө Кыргызстанды чакырган.
Жогорку сот эгерде Азимжан Аскаров арыз менен кайрылса, жаңы жагдайлар териштирилерин билдирген. Парламенттеги айрым депутаттар муну менен Аскаров бошотулбай турганын, Жогорку сот анын абакта кармалган шартын, процессуалдык мыйзам бузууларды карашы мүмкүндүгүн билдиришкен.
Аскаров 2010-жылы июнь окуясында улуттук кастыкты козуткан, массалык башаламандык уюштурган жана милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган.
Аталган окуяда каза тапкан милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова Аскаровдун ишинин кайра каралышына каршы чыгып, зарыл болсо өзү да БУУга кайрыларын айтууда.
Азимжан Аскаров Бишкектеги №47 абакта жазасын өтөп жатат.