Мындай чечим конституциялык мыйзамдарга өзгөртүү киргизилгенден кийин кабыл алынды. Тажик парламентинин төмөнкү палатасынын спикери Шукурджон Зухуровдун айтымында, ант берүү жөнүндөгү долбоор президент тарабынан сунушталган.
Парламент депутаты Мавнуза Шарофиддинова документтин максаты өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу жана ишмердүүлүгүн жакшыртуу экенин белгиледи. Аталган мыйзам мамлекет башчысы кол коюп, расмий жарыялангандан соң күчүнө кирет.
«….Өзүмдүн ыйгарым укуктарымды ишке ашырууда Конституцияны, Тажикстан Республикасынын мыйзамдарын сактоого, Тажикстан президентинин жарлыктарын кыйшаюсуз аткарууга, калыстык жана мыйзамдуулук прициптерин карманууга, эл аралык деңгээлде өлкө кадыр баркын жогорулатуу максатында ак кызматөтөөгө ант берем», - деп айтылат анын мазмунунда.
Ант берүү тажик коомчулугунда абдан зор мааниге ээ, анткени мындай убада көбүрөөк ишеним жаратат.