Ссылки доступа

Казакстандын Журналисттер кошуунунун башчысы үй камагында калтырылды


Казакстандын Журналисттер кошуунунун башчысы жана Улуттук пресс-клубдун президенти Сейтказы Матаевдин үй камагы дагы бир айга узартылды.

Сот үй камак мөөнөтүн 22-июлга чейин узартты. Бул туурасында "Азаттыктын" казак кызматына Алматы шаардык сотунун басма сөз катчысы Диас Махамбетов кабарлады.

Сейтказы Матаев жана “КазТАГды” жетектеген уулу Асет ушул жылдын жазында кармалып, кийин үй камагына чыгарылган. Алар өтө ири көлөмдөгү бюджеттик каражаттарды кымырып алган жана салык төлөгөн эмес деп айыпталган. Сейтказы Матаев 24-февралдан, ал эми Асет Матаев 28-марттан тартып үй камагына чыгарылган.

Май айында Матаевди коргоо комитети ата-балага тагылган айыптардын жеңилдетилгенин кабарлаган.

Бир катар укук коргоочу уюмдар бийликке кайрылып, Сейтказы Матаевди бошотууга чакырды. Алар тагылган күнөөлөр негизсиз деген пикирде.

XS
SM
MD
LG