Ссылки доступа

Нуланд Киев менен Москвада Минск келишимин талкуулайт


АКШ мамкатчысынын Европа жана Евразия иштери боюнча жардамчысы Виктория Нуланд 21-июнда иш сапары менен Киевге келди.

Нуланд эки тараптуу аймактык маселелерди талкуулоо үчүн Украинанын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү менен жолугат. Минск келишиминин аткарылышы башкы тема болмокчу. Бул тууралуу АКШ мамлекеттик департаменти кабарлады.

Андан соң Нуланд Москвага сапар тартып, бийлик өкүлдөрү менен Украинанын чыгышындагы азыркы жагдай боюнча сүйлөшөт. Тараптар Минск келишиминин келечегин талкуулайт.

XS
SM
MD
LG