Ссылки доступа

Түндүк Корея орто аралыкка уча турган жаңы ракетаны сынады


Шаршембиде Түндүк Корея орто аралыкка атылган эки ракетаны сынады. Түштүк Корея менен АКШ өкүлдөрүнүн айтымында, сыноо ийгиликсиз аяктады.

Биринчи атылган "Мусудан" ракетасы Жапон деңизине түшкөн, экинчиси 400 чакырымдай учуп барып кулаган. Мамдепартаменттин өкүлү бул сыноолорду айыптап, АКШ бул маселени БУУнун Коопсуздук Кеңешинде көтөрүп, Түндүк Кореянын жоопкерчилиги карала тургандыгын билдирди.

Түндүк Корея апрелден тарта “Мусудан” жаңы баллистикалык ракетасын алты ирет сыноодон өткөргөн. Алардын бешөө ийгиликке жеткен эмес. Батыш адистери баалагандай, бул ракета 4 миң чакырым аралыкка чейин уча алат.

Талдоочулардын пикиринде, мындай сыноолорду байма-бай өткөрүү менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын АКШга сес көрсөткүсү келет. Ядролук же химиялык курал аркылуу чабуул жасоого дараметтүү экендигин далилдөөгө умтулууда. Жаңы ракета АКШнын ири аскерий базасы жайгашкан Гуам аралына чейин жеттүүгө кудуреттүү. Пхеньян буга чейин эле бир нече ирет АКШга ядролук сокку урам деп коркуткан жайы бар.

XS
SM
MD
LG