Ссылки доступа

Казакстанда "Азаттыктын" кабарчылары Журналисттер кошуунунун сыйлыгына арзыды


Казакстандын Журналисттер кошууну бүгүн 2016-жылдагы  сыйлык ээлеринин ысымын атады. Алардын катарында "Азаттыктын" кызматкерлери Касым Аманжолулы менен Вячеслав Половинко да бар.

"Азаттыктын" журналисти Касым Аманжолулы AzattyqLIVE жана "Эркин сөз" берүүлөрүн алып барат. Ал Казакстандагы жер реформасына арналган актуалдуу маеги үчүн “Саясий баяндама” номинациясын жеңди.

“Журналисттик иликтөө” багытындагы сыйлык Вячеслав Половинкого ыйгарылды. Анын “Казакстан-Жаңы гезитине” жарыяланган Актөбөдөгү террорчулукка каршы операция туурасындагы материалдар топтому мыкты деп табылды.

«Интернет-долбоор» сыйлыгы Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукербергге колдонуучуларды бир маалымат мейкиндигине бириктирген социалдык түйүндү түзгөндүгү үчүн берилди.

XS
SM
MD
LG