Ссылки доступа

Тажикстанда чет өлкөдө из жашырган айыпкерлер сыртынан соттолот


Мындан ары Тажикстанда оор кылмышка шектелгендер жана чет өлкөдө жашырынып жүргөн жарандар сыртынан соттолот.

Республиканын башкы прокурору Юсуф Рахмон өлкөдө буга чейин мындай ыкма колдонулбаганын айтты.

"Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап, биз айыпталуучу тарапсыз эле сот жараянын өткөрүп, сыртынан өкүм чыгарууга бел байлап жатабыз", - деп кошумчалады башкы айыптоочу.

Юсуф Рахмон билдиргендей, өкүм сырттан чыккан соң, айыпталуучу Тажикстанга кайтып келсе, анын катышуусу менен сот иши кайрадан каралат.

XS
SM
MD
LG