Жактоочулар кылмышты уюштурду деп дагы эки адамга иш козгоону өтүнгөн. Бирок сот арызды канааттандырган жок.
Стамбулдун кылмыш иштери боюнча райондук соту 21-июнда алты айга созулган жараянды аягына чыгарды. Элдор Аслан –кылмышты жүзөгө ашыруучу, Собир Шукуров – уюштуруучу катары жазаларын алды.
Өлтүрүлгөн имамдын укугун коргогон жактоочунун айтымында, айыпталуучулар күнөөлөрүн моюнга алган эмес. Алар доо арыз менен кийинки инстанцияга кайрылуу ниетинде. Маркумдун туугандары болсо өкүмгө канааттанышты. Бирок имамды өлтүрүүнү буюрган адамдарды издөө сунушунун четке кагылышына нааразы.
Эки күбөнүн көрсөтмөлөрүнө ылайык, Собир Шукуров менен Элдор Асланды Өзбекстандын атайын кызматтары менен байланышы бар Тигран Капланов аттуу киши жалдаган.