Ссылки доступа

Сириядагы тажик согушчандын кызы жаңы “ата” таап алды (видео)


Төрт жашар Сумая Сирияга кеткен атасын күн сайын сагынып күтөт. Бир жолу ал белгилүү тажик ырчысын телевизордон көрүп калып, атасына окшоштурган. Эми ырчы Шахриер Давлатов Сумаяга убактылуу ата болуп, ага жолугуп турат.

Ырчы чынында эле Сумаянын атасына куюп койгондой окшош экен.

Сумаянын таежеси наристенин арзуузун Шахриер Давлатовго билдирип, аны конокко чакырган. Буга чейин куса болуп, чүнчүп жүргөн кыз ырчыны көрүп, атам келди деп кубанып турган чагы. «Чынымды айтсам, мен бул кызды алып кетким келди”, - дейт Шахриер Давлатов.

Сумаянын атасы Парвиз азыркы тапта Сирияда жүрөт. Ал Жакынкы Чыгыштагы радикалдуу топторго кошулуп кеткен. Тажик өкмөтүнүн маалыматына караганда, Сирияга жол тарткан тажиктердин көпчүлүгү үй-бүлөсүн таштап кеткен. Кичинекей Сумая эки жылдан бери атасын көрө элек. Эми ал атаң ким десе Шахриерду көрсөтүүдө.

XS
SM
MD
LG