Ссылки доступа

Британияда ишкер Шон Дейли Максим Бакиев менен соттошууда


Британиялык бизнесмен Шон Дейли Кыргызстандын мурдагы президентинин уулу Максим Бакиевдин үстүнөн сотко кайрылды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы кабарлады. Маалыматка караганда, ишкер Бакиевди алтын кен иштетүү укугу үчүн "өзүн өлтүрүүгө буюртма берген" деп айыптоодо.

2006-жылы британиялык "Оксус" компаниясынын өкүлү Шон Дейлинин өмүрүнө кол салуу болгон. Буга байланыштуу Кыргызстанда сот өкүмү 2014-жылы чыгарылган. Курманбек Бакиев жана анын улуу уулу Марат Бакиев Дейлиге кол салууну уюштурган деп табылып, сыртынан 20 жылга эркинен ажырталган. Ал эми Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев жана экс-президенттин кичүү уулу Максим Бакиев үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен өмүрүнүн аягына чейин сыртынан кесилген.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2006-жылы “Оксус” компаниясы Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү лицензиясын алган. Бирок ошол учурдагы президенттин уулу Максим Бакиев аталган кенден өзүнө пайда табууга аракет кылып, лицензияны башка компанияга алып берүүгө аракеттенген.

Максим Бакиев 2010-жылы бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин кенже уулу. Ал атасы бийликте турган учурда Инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти жетектеп, өлкөдөгү таасирдүү адамдардын бири катара сыпатталып келген. Апрель ыңкылабынан соң жемкордук, мамлекеттин каржысына мыйзамсыз ээлик кылуу, киши өмүрүнө кол салууну уюштуруу жана башка оор беренелер боюнча сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал Лондондон башпаанек алган. Кыргыз бийлигинин Максим Бакиевди экстрадициялоо аракетинен майнап чыкпай келет.

XS
SM
MD
LG