Ссылки доступа

Назарбаев: ШКУ менен ЕАЭБ морт уюмдар болуп калбашы керек


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Орусиянын мамлекеттик телеканалына берген маегинде Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) менен Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) морт уюмдарга айланбашы керектигин белгиледи.

«ШКУ АСЕАН сындуу бюрократиялык уюм болуп калбашы керек. Буга жол бербөө биздин милдетибиз”, - деди ал “Россия 24” телеканалынын журналисти Михаил Гусманга берген маегинде.

Назарбаев ШКУ өзүнө мүчө мамлекеттердин санын арттыруу менен КМШ сындуу уюмга айланып калбашы керек деп эсептейт. «Мен Евразия экономикалык биримдиги туурасында сөз кылганда да ушуга кыжаалат болом”, - деди Назараев.

Назарбаев Михаил Гусман менен Ташкентте өтүүчү ШКУ саммитинин алдында маек курган. Эки күндүк саммит учурунда уюмдун курамына Пакистан менен Индияны кабыл алуу мерчемделүүдө. Азыркы тапта ШКУда Казакстан, Орусия, Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан бар.

XS
SM
MD
LG