Ссылки доступа

Британия Евробиримдиктен чыгууну кубаттады


Бириккен Королдуктун Шайлоо комиссиясы шайлоочулар Евробиримдиктен чыгуу үчүн добуш бергенин расмий жарыялады.

Жалпы улуттук референдумдун жыйынтыктары көрсөткөндөй, добуш бергендердин 52 пайызы Британиянын ЕБдан чыгышын колдогон. 48 пайызы каршы пикирин билдирген.

Би-Би-Си кабарлагандай, Бириккен Королдуктун ашынган оңчул көз карандысыз партиясынын лидери Найжел Фараж муну Британиянын "эгемендик" күнү деп сыпаттады, ал эми карама-каршы тараптагылар "катастрофа" деп аташты.

Шотландия менен Түндүк Ирландияда шайлоочулардын көпчүлүгү ЕБга мүчө бойдон калууну колдошкон. Англиянын түндүк-чыгышындагы шаарлар ЕБдан чыгуу керек деп добуш беришкен. Лондондогу көпчүлүк “Брекзитти” колдогон жок.

XS
SM
MD
LG