Ссылки доступа

Астанада үйүнөн айрылгысы келбеген жаран газ баллон жардырууга ниеттенүүдө


Астанада сот аткаруучулар бугун Мейрамовдорду  күч менен көчүрүү үчүн келишти. "Азаттыктын" казак кызматы кабарлагандай, үй-бүлө башчысы Адилбек Мейрамов  каршылык көрсөтүп, турак-жайды зордоп тартып алышса, газ баллонду жардырарын айтып коркутууда.

Үйдө Мейрамов менен бирге анын жашы жете элек үч баласы бар. Аларды турагынан чыгаруу мыйзамсыз экендигин айткан үй-бүлө башчысы газ баллонун кармап эшик алдында турат. Жергиликтүү бийлик сунуш кылган үй аларга жаккан эмес. Бүлө жашаган там сүздүрүлүшү керек болчу.

Мейрамовдун жубайы Гүлзада Арыкбаева жаңы эле ооруканадан келген. Үйдү бошотуу боюнча атайын билдирүү алышкан эмес.

Сот аткаруучулардан тышкары полиция, өрт өчүрүүчүлөр жана тез жардам кызматкерлери да келишти.

Мейрамовдорду көчүрүү аракети биринчи жолу болуп жаткан жок. Мурдагы жылдын декабрында ушундай эле окуя кайталанып, Гүлзада Арыкбаева мойнуна бычак такап, өзүн өлтүрөм деп коркуткан. Жыйынтыгында көчүрүү кийинкиге жылдырылган.

XS
SM
MD
LG