Ссылки доступа

Орусия Арменияга курал-жарак сатат


Президент Серж Саргсяндын Санкт-Петербургга болгон иш сапары учурунда Орусия Арменияга курал-жарак сатуу боюнча макулдашылган. Бул туурасында журналисттерге парламенттин вице-спикери Эдуард Шармазанов билдирди.

«Биз расмий Москва менен мамилени чыңдашыбыз керек. Айталы, куралдануу жаатында, ошондой эле стратегиялык өнөктөш катары алакаларыбызды жакшыртмай болдук. Акыркы иш сапар учурунда Армения менен Орусиянын мамлекеттик кызыкчылыктарына төп келген маселелер ачыкталды”, - деди Шармазанов.

Армения президенти Серж Саргсян дүйшөмбүдө Санкт-Петербургда болуп, Карабак жаңжалын жөнгө салуу маселесин талкуулаган. Мындан тышкары Орусия президенти Владимир Путин менен да өзүнчө жолугушканы маалым.

XS
SM
MD
LG