Ссылки доступа

Кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр болот


Ташкентте өткөн саммит учурунда Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери кыргыз-өзбек чек арасы, эки тараптын саясий мамилеси тууралуу кенен сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

"Жолугушууда чек ара маселеси да козголду. Анда көп жылдан бери бул маселеде жүрүп келе жаткан сүйлөшүүлөр уланмакчы болду. Президенттер эгер эки тараптын ортосунда кандайдыр бир түшүнбөстүк болсо, эки премьер-министр кабарлашып, бүт маселелерди чечет деген бүтүмгө келишти. Эки премьер-министрге тапшырма берилди. Жакынкы күндөрү алар сүйлөшүүгө барат. Алар телефон аркылуу сүйлөшөт же жолугушуусу мүмкүн. Эки президенттин чечими менен мындан ары эки тараптын мамилелери позитивдүү жакка багыт алат", - деп билдирди Сапар Исаков.

23-24-июнда Өзбекстандын борбору Ташкентте ШКУнун мамлекет башчыларынын саммити болду.

XS
SM
MD
LG