Ссылки доступа

Сирияда ондогон жай тургун авиасоккунун курмандыгы болду


“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу басып алган Сириядагы айылдардын биринин жашоочулары авиасоккунун курмандыгы болушту.

Улуу Британияда жайгашкан сириялык укук коргоо борбору билдиргендей, Дейр-эз-Зор провинциясынын Аль-Курия айылына абадан сокку жасалып, 47 киши каза тапкан. Алардын 30у жай тургун экени айтылууда. Укук коргоочулар калган курмандыктардын тек-жайын текшерүүдө.

Авиасокуулар сириялык же орусиялык учактар тарабынан жасалганы белгисиз бойдон калууда.

“Ислам мамлекети” террордук тобу өлкөнүн чыгышындагы Дейт-эз-Зор провинциясынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөйт. Март айынан бери шаардын өкмөттүк аскерлер жайгашкан тарабына барчу жолду жаап таштаган.

Орусия өткөн жылдын сентябрь айынан тартып, Сирия президенти Башар Асаддын куралдуу күчтөрүнө колдоо көрсөтүп келет.

XS
SM
MD
LG