Ссылки доступа

Израиль менен Түркия өз ара мамилени оңдоону чечишти


Израиль менен Түркия узакка созулган дипломатиялык каатчылыктан кийин өз ара мамилени оңдоого макулдашты.

Эки өлкөнүн мамилеси 2010-жылы Газа секторундагы деңиз блокадасын бузууну көздөгөн “Эркиндик флотилия” окуясынан кийин салкындап кеткен. Анда Израиль күчтөрү түрктөрдүн “Мави Мармара” кемесин колго түшүргөн. Кемеге чабуул жасоодо Палестинанын эркиндигин жактаган 10 түрк активисти каза болгон. Бул аракетти Израил тарап кемеде курал-жарак бар-жогун текшерүү үчүн жасалган рейд катары түшүндүргөн болчу. Ал окуядан кийин Анкарадан Израиль элчисин чакыртып алган, ал эми Түркия элчиси Тель-Авивден чыгып кеткен.

Дүйшөмбү күнү эки мамлекеттин ортосундагы макулдашуунун мазмуну белгилүү болот.

XS
SM
MD
LG