Ссылки доступа

Өзбекстанда кыйноо курмандыктарын колдогон кампания башталды


26 июнь – кыйноо курмандыктарын колдоонун эл аралык күнү. Бул датага байланыштуу Париждеги «Алоолонгон Жүрөк клубу» аттуу эл аралык укук коргоо уюму «Ким күнөөлүү?! Андан кийин ким?!» аттуу кампаниясын баштады.

Иш-чара күч түзүмдөр тарабынан кыйноого кабылган өзбек жарандарынын тагдырына арналган. Уюмдун жетекчиси Мутабар Таджибаеванын айтымында, акция Өзбекстандын жарандык коом мүчөлөрүнүн укугун коргоого көңүл бурдурат. Адам укугун коргоп, демократиялык принциптерди жактаган активисттер бул өлкөдө куугунтукка алынып, түрмөгө кесилип, кыйноолорго кабылып келишет.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыйноолордун курмандыктары тууралуу документ, сүрөт жана видео баяндар коомчулукка жарыяланат. Ал жарандарды мыйзамсыз экстрадициялоо жана уурдоо, өлтүрүү учурларын камтыйт.

Укук коргоочу Өзбекстан бийлиги бардык кылыктары үчүн жооп бериши керек деп эсептейт.

«Ким күнөөлүү?! Андан кийин ким?!» кампаниясын «Кыйноосуз жашоо үчүн» демилгечил топ, мигранттардын укугун коргоо комитети жана Европадагы башка коомдук уюмдар колдоду.

XS
SM
MD
LG