Ссылки доступа

Түркияда «баары камтылган» системасын жоюу сунушталууда


Анадолу агенттиги билдиргендей, Туристтик агенттиктер ассоциациясынын (TURSAB) башчысы Башаран Улусой мейманканалардагы «баары камтылган» системасын бара-бара алып таштоого чакырды. Мындай сунуштун себебин өлкө чыгашага кириптер болуп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Улусойдун айтымында, мындай система үй-бүлөлүк саякатчы жана сарамжал туристтердин арасында талапка ээ. «Баары камтылган» системасы менен иштеген мейманканалар баасын өйдө көтөрө алышпайт. Буга карабастан, алардын чыгашасы дайыма өсүүдө. Мындай системанын жайылышы туризм сектору үчүн пайдасыз.

Башаран Улусойдун пикиринде, акырындык менен жогорудагыдай мейманканалардын санын азайтуу кажет. Ал мейманкана ээлерин сапаттуу эс алууга кызыккан капчыгы калың туристтерге көңүл бурууга чакырды.

Орусия менен оош-кыйыш мамилеси жана өлкөдө болгон бир нече террордук жардыруудан кийин Түркиянын туризм тармагы каатчылыкка кептелип баштаган. Hurriyet гезити билдиргендей, күнөстүү Анталиянын мейманканалары эң оор күндөрдү башынан өткөрүп жатат. Себеби Орусия жана Германиянын туристтери аймакта жокко эсе.

10-июнда Туризм боюнча бүткүл дүйнөлүк кеңештин президенти Дэвид Скаусилл чет элдик туристтердин агымынын кескин азайышынан Түркия олуттуу кесепеттерге кабылат деп айткан эле.

XS
SM
MD
LG