Ссылки доступа

Европарламент өкүлдөрү Азербайжандан 2,4 млн. евро пара алгандыгы айтылууда


Европа парламенттик ассамблея кеңешчилигиндеги (ПАСЕ) Европа улуттук партиясынын (ЕНР) ардактуу жетекчиси Луки Джузеппе Волонтеге карата италия полициясы тергөө иштерин баштады.

Италия басылмалары маалымдагандай, депутат Италиянын Европа Кеңешиндеги өкүлү болуп турганында Азербайжан бийлигинен 2 млн. 390 миң евро өлчөмүндө пара алган деп шектелүүдө. Акча абакта отурган Азербайжан саясатчылары тууралуу билдирүүнү ачыкка чыгарбоо үчүн берилген деп божомолдонууда.

2013-жылдын январында Европа Кеңешчилиги саясий өңүттө айыпталып, абакта отурган адамдар тууралуу резолюцияга каршы добуш берген. «Каршы» -128, «макул» - 79 добушка ээ болгон резолюция кеңешчилик тарабынан четке кагылган.

Пара берүүгө Азербайжан делегациясынын мүчөлөрү Эльхан Сулейманов жана Муслум Маммадовдун катышкандыгы божомолдонууда. Пара алуучулар катары Европарламенттеги Европа улуттук партиясынын өкүлдөрү көрсөтүлүүдө. Полиция жемкор депутаттардын атын атаган жок.

Азербайжан бийлиги Италиянын айыптоосуна эч кандай түшүндүрмө бере элек.

XS
SM
MD
LG