Ссылки доступа

Кыргызстанда “ашкере байлыкка” салык киргизүү сунушталууда


Мыйзам долбоорунда кыймылсыз мүлктүн көлөмүнө жараша салыкты жогорулатуу сунушталууда. Аянты 200 чарчы метрден ашкан үйлөргө жана батирлерге төмөнүрөөк, 300 чарчы метрден көп турак-жайларга жогорулатылган салык киргизилет.

Кымбат баалуу автоунааларга салык салууда алардын кыймылдаткыч көлөмү жана чыгарылган жылы эске алынат.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча бул мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандын бюджетине кошумча 515 миллион сомго жакын (жети миллион АКШ доллары) акча түшөт.

XS
SM
MD
LG