Ссылки доступа

Украинада ИМ тобуна тиешеси бар делген эки тажик жараны кармалды


Украинанын чек ара жана коопсуздук кызматтары Харьков аэропортунда борборазиялык эки кишини кармады. Алар Стамбул каттамы аркылуу келишкен жана ысымдары азырынча аталган жок, бирок орусиялык жана украиналык ММКлар колго түшкөндөрдүн Тажикстан жарандары экенин билдирүүдө.

«Украинская Правда» өз булагына шилтеме берип билдиргендей, текшерүү маалында алар ИМ тобуна тиешеси бар деп шектелип, эл аралык издөөдө жүргөндүгү аныкталган. Кармалгандар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун лагерлеринде аскердик даярдыктан өткөн, Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан.

Тажиктерден мобилдик телефондун жардамы менен иштей турган жардыруучу заттын толук инструкциясы сүрөттөлгөн араб тилиндеги видео сабактар табылган. Электорондук үлгүдөгү куралчан адамдардын сүрөттөрү чыккан.

«Мындан тышкары алардын жанынан экстремисттик мүнөздөгү адабияттар табылды. Кармалгандар Тажикстанда ислам революциясын уюштурууну пландаган», - деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматы.

Аларды мекенине кайтаруу маселеси каралууда, бирок тажик тарап бул маалыматка реакция кыла элек.

XS
SM
MD
LG