Ссылки доступа

Азамат Тынаев: "ММК жөнүндөгү" мыйзам долбоорун бурмалоо журналисттердин далысына урулган бычак


"ММК жөнүндөгү" мыйзам долбоорун журналисттердин далысына урулган бычак катары сыпаттаса болот. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында журналист Азамат Тынаев билдирди.

Анын айтымында, ММК жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүүнү сунуштап жаткандар элге туура эмес маалымат берүүдө. Мыйзам долбоорун өтө тездик менен кабыл алууга аракет кылып жатышат жана аны өткөрүү үчүн нормалар бузулууда.

- Эч кандай угуу, талкуу болгон жок. Мыйзам демилгечилери мисал кылып жаткан өнүккөн өлкөлөр боюнча статистикалык маалыматтар туура эмес. Мисалы, Рыспаев мисал келтирген АКШда четтен каржыланган Russia Today, Al-Jazeera сыяктуу каналдар чектөөсүз иштейт. Ошондуктан алар туура эмес маалымат берүү менен элдин пикирин манипуляция кылууда. Бул мыйзамды журналисттерге артынан урулган бычак деп бааласа болот, - деди Тынаев.

Өткөн апта, 22-июнунда Жогорку Кеңеш пленардык жыйынында аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. ЖМКны негиздөө жана каржылоо жагынан айрым чектөөлөр киргени жатат. Авторлордун айтуусунда, бул өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун коргоо максатында демилгеленди.

Маалымат жыйындын катышуучулары медиа-коомчулуктун атынан президентке, парламентке жана өкмөткө мыйзам долбоорун колдобоого чакырган кайрылуу жолдошту.

XS
SM
MD
LG