Ссылки доступа

Наманганда улгайган аял зер дүкөндү оюнчук тапанча менен карактоого аракеттенген


Наманганда башын чүмбөттөп алган Замира Шахбозова аттуу аял оюнчук тапанча менен сатуучуну коркутуп, зергер буюмдарды баштыкка салууну талап кылып жаткан маалда кармалды. Бул тууралуу облустук прокуратура кабарлады.

«Азаттыктын» өзбек кызматы маалымдагандай, Наманган облусунун прокуратурасы аялдын буга чейинки жасаган кылмыш иштерин далилдеп, ага жараша иш козгоду.

51 жаштагы Замира Шахбозова кытай оюнчук тапанчасын төрт миң сумга сатып алып, чүмбөттөнүп Намангандагы «Зарнигорбегим» зергер дүкөнүнө кирген. Сатуучуга куралын такаган карактоочу кымбат баалуу алтын буюмдарды желим баштыкка салууну буюрган. Бул учурда башка сатуучу милиция чакырууга үлгүргөн.

Окуя болгон жерге тартип сакчылары келип, аялдын куралын алып, кармап кеткен.

Шахбозова 2013-жылы уурулук үчүн эркинен ажыратылып, бирок мунапыс менен боштондукка чыккан. Азыр ага талоончулук беренеси менен айып тагылып жатат.

XS
SM
MD
LG