Ссылки доступа

Куса болгон тажик кыз жоочу атасынын жүрөгүн жибите алган жок


Жакынкы Чыгышта “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарында согушуп жүргөн тажик жараны өзүн сагынган кызын тасмадан көрүп, “жихад жолунан тайбай” турганын айтты.

Дүйшөмбүнүн кичинекей тургуну, төрт жашар Сумая өз атасын үй-бүлөлүк сүрөттөрдөн гана билет. Эки жыл мурда Орусияга иштегени кеткен атасы Жакынкы Чыгышта, болжолдуу түрдө Иракта жүргөнү белгилүү болгон.

ИМ террордук тобунун катарына кошулган жигит атын Абу Довуд деп өзгөрткөн жана социалдык тармактарда экстремисттик маанайдагы үгүт тасмаларын тараткан. Айрым учурларда катаал, агрессивдүү чакырыктарды айтуудан аянган эмес.

Атасын сагынга Сумая теледен ага окшош ырчы Шахриёр Давлетты көргөн. Куса болгон кыз чоң апасынан атасын үйгө чакырып келүүнү талап кылган. Эки жума мурда ырчы Сумая менен жолуккан болчу, наристе аны өз атасы катары кабыл алган.

Сумая тартылган видеороликти чыныгы атасы көргөн. Жарым жылдан ашык убакыт үй-бүлөсү менен байланышпаган Парвис Саидрахмонов тасманы “чагым” катары мүнөздөп, видеобилдирүү жарыялаган.

Парвис Саидрахмонов көнүлү жибибегендигин, жихад жолунан кайтпай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG