Казакстандын башкы прокуратурасы кабарлагандай, Владимир Ахмадиев менен Алибек Байбусинов бүгүн түнү Казакстанга жеткирилди. Алар Астанадагы убактылуу кармоочу жайга жайгашты.
Ахмадиев «Алматы курулуш-монтаждык ишканасынын» жетекчиси болуп турганында 310,7 миллион тенге (910 миң доллар тегерегинде) уурдаган деп шектелүүдө.
Байбусинов Беларуста 2014-жылы адам ден соолугуна оор залака келтирген деген айып менен абакка кесилген. Ал эми калган жаза өтөө мөөнөтүн казак түрмөсүндө өткөрөт.