Ссылки доступа

Брюсселдеги саммитте Британиянын ЕБдан чыгуудагы кесепеттери талкууланат


Улуу Британияда өткөн референдумдун жыйынтыгы Брюсселде бүгүн өтө турган эки күндүк саммиттин эң башкы темасы болот. Бул өлкө жетекчилери жана өкмөт башчылары денгээлинде  «Брекзиттин» кесепеттерин талкуулаган алгачкы расмий жолугушуу болот.

Саммит күндемине миграция каатчылыгы, экономикалык өнүгүү жана Евробиримдиктин тышкы саясий мамилелери да коюлган. Орусияга киргизилген экономикалык санкцияларды узартуу боюнча сүйлөшүүлөр каралбайт. Бирок Евробиримдиктин тышкы саясий чөйрөдөгү стратегиясын талкуулодо бул маселеге да токтолушу мүмкүн.

Саммит алдында Германиянын канцлери Ангела Меркель, Франция президенти Франсуа Олланд жана Италия премьери Маттео Ренци Европа «биримдиктүү каларын» жарыялашкан.

Отставкага кетип жаткан Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон ЕБдан чыгуу боюнча негизги чечимдерди мураскору кабыл аларын буга чейин билдирген эле. Мураскор сентябрда ишине киришери күтүлүүдө.

Кэмерон 28-июнда ЕБ мамлекет башчылары менен жолуугуга Брюсселге келет. Бирок 29-июнда өтө турган талкууга ал катышпайт.

27-июнда АКШнын мамкатчысы Жон Керри Британиянын референдумдагы чечимине өч алуу иретинде жооп кайтарбай, сезимтал болуп, стратегиялык так кадамдарды жасоону сунуштады.

XS
SM
MD
LG