Ссылки доступа

Иранда аткаминерлердин “опсуз” чоң айлыгы коомдо жаңжал жаратты


Иранда жогорку кызматтагы бир нече мамлекеттик кызматкердин ири өлчөмдө айлык алары ММК аркылуу  жарыяланып,  калктын 30 пайызы жакырчылыкта жашаган коомдо чоң ажырым жаратты.

Маселен, мамлекеттик камсыздандыруу компанияларынын биринин жетекчиси өзүнө 30 миң доллар айлык чектеп алган. Дагы бир мекеме башчынын айлыгын жана сый акысын кошкондо маянасы 65 миң долларга жакындайт. Бул мамлекеттик мекемелердеги минималдык – 200-300 доллар айлыктан 200 эсе жогору болууда.

Мындай маалымат жарыялангандан кийин өзүнө эң жогорку айлык коюп алууга шектелгендердин бири камакка алынды. Бул тууралуу Ирандын башкы кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчиси Носир Сиродж билдирди. Өздөрүнө ашкере жогору айлык чектеп алган аткаминерлердин тизмеси түзүлүп, тиешелүү органдарга жөнөтүлөт.

Ирандын Жогорку Сотунун төрагасы Содик Лариджани мамлекеттик мекеменин башчысы катардагы кызматкерден 50 эсе жогору айлык коюп алышын туура эмес көрөт. “Бул адилетсиздик. Мыйзамдуу болгон учурда дагы мындай басмырлоого жол берилбеши керек”, - дейт ал.

Ларанджини ошол эле учурда бул теманы көбүртүп жабыртуудан оолак болууга үндөдү. Жаңжал Ирандын абройун түшүрүүгө колдонулбашы керектигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG