Ссылки доступа

Меркель: ЕБ Улуу Британиянын чыгышына туруштук берүүгө күчү жетет


“Европа Биримдиги Улуу Британиянын шаркеттен чыгышына туруштук берүүгө күч- кубаты жетет”. Бул тууралуу Германия канцлери Ангела Меркель шейшембиде Бундестагда билдирди.

Ал Европа Биримдигин “тынчтыкты, байгерчиликти жана туруктуулукту кепилдеген, жалпы тилектештиги жана баалуулуктары бир сейрек коомдоштук” деп атады. Меркель шаркет дүйнөдөгү ири экономикалык аймактардын бири экенин кошумчалады.

Меркель белгилегендей, Британия Евробиримдиктен чыгуу менен ЕБ алдындагы милдеттерден арылып, ошол эле учурда жеңилдиктерди сактап калууга үмүт артпашы керек.

Германия канцлери Лондон Лиссабон келишиминин 50-беренесине ылайык шаркеттен чыгууга билдирүү бермейинче, Улуу Британия менен расмий жана бейрасмий түрдө эч кандай сүйлөшүү болбой турганын эскертти.

XS
SM
MD
LG