Ссылки доступа

Кыргызстанда биометрикалык ID-паспорт бериле баштайт


Корей эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) Мамлекеттик каттоо кызматына биометрикалык маалымат камтылган, атайын чип орнотулган ID-паспортту киргизүүгө колдоо көрсөтөт. Кечээ, 28-июнда, тараптар кызматташуу тууралуу протоколго кол коюшту.

Биометрикалык паспортторду киргизүү долбоорунун бюджети 7 миллион 460 миң долларды түзөт. Бул каражат гранттык негизде берилет.

Биометрикалык ID-карттар шайлоолордо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө колдонулат.

XS
SM
MD
LG