Ссылки доступа

Индияда Манастын айкели орнотулат


Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында «Диалог Евразия» коомдук фонду менен Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин демилгеси менен Дели шаарында Манастын айкели орнотулганы жатат. Бул тууралуу «Диалог Евразия» коомдук фондунун президенти Улукбек Болушев билдирди.

Кыргыздын байыркы "Манасы" дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары Гиннес китебине жана материалдык эмес маданий байлык катары ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген.

Бишкекте индиялык чыгаан саясий ишмер Махатма Ганди атындагы, ал эми Делиде Манас атындагы көчөлөр бар.

XS
SM
MD
LG