Ссылки доступа

Шаркеттен чыгуу үчүн ЕБ Улуу Британияга убакыт берет


Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери шаркеттен чыгуу үчүн Улуу Британияга убакыт берет. Бул тууралуу шейшемби күнү Брюсселде Германия канцлери Ангела Меркель билдирди.

Ал ошол эле маалда биримдиктен чыгуу чечимин кабыл алган британ шайлоочуларын артка кетенчиктетүүгө мүмкүнчүлүк жок экендигин кошумчалады.

Улуу Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Кэмерондун айтымында, Brexit системасы менен өткөрүлгөн шайлоолордун жыйынтыгына карбай, анын өлкөсү Европадан жуз бурбай, коңшулук алаканы бекемдөөгө умтулат.

Бул арада Лондондо Евробиримдиктен чыгууга каршы миңдеген адам катышкан нааразычылык акциясы өттү. Оппозициялык маанайдагы лейбористтер партиясы референдумду кайра өткөрүүнү талап кылууда.

“Улуу Британиянын Евробиримдикте мүчө катары калышына болгон күч-аракетимди жумшадым. Бирок ийгиликке жетпедим”, – деди Кэмерон. Отставкага кетерин жарыялаган премьер-министр Улуу Британия менен Евробиримдиктин ортосундагы келечектеги мамилеге кабатыр болууда. Брюсселде бугун улана турган саммитке Кэмерон катышпайт.

Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск Британияны шаркеттен чыгаруу жараянын баштоого Европа бүгүн эле даяр деп билдирди. Бирок, алгач өлкөдөгү талаш-тартыштарга чекит коюлушу керек деген пикирде.

XS
SM
MD
LG