Ссылки доступа

Орусиялык туристтердин Түркияда эс алуусуна уруксат берилди


Владимир Путин менен Режеп Эрдоган орусиялык туристтердин Түркияда эс алуусуна киргизилген чектөөлөрдү алып салуу боюнча телефон аркылуу сүйлөшүштү. Мындан тышкары соода кызматташтыгын жандандыруу боюнча министрлерге тапшырма берилди.

Президенттердин сүйлөшүүсү шаршембиде Москванын демилгеси менен өтүп, 45 мүнөткө созулду. Reuters агенттиги өз булагына таянып билдиргендей, ал “өтө жемиштүү жана позитивдүү” болду. Путин менен Эрдоган көзмө-көз жолугушуу өткөрүүгө макулдашканы кабарланууда. Өлкө лидерлери эки тараптуу алаканы калыбына келтирип, терроризм менен күрөшүүгө даяр экенин билдиришти.

Түркия жана Орусия президенттеринин телефондук сүйлөшүүсү Эрдоган ушул дүйшөмбү күнү Путиндин дарегине кат жолдогондон кийин болуп отурат. Катта былтыр орусиялык аскер учагынын алар тарабынан атып түшүрүлүүсүнө өкүнүч билдирген.

Былтыр ноябрдагы окуя эки өлкөнүн алака-катышын бузуп, Орусия Түркияга каршы экономикалык санкцияларды да киргизген эле.

Москва Анкарадан учактын атып түшүрүлүүсү үчүн расмий кечирим суралышын да талап кылып келген.

XS
SM
MD
LG